Марал Радиосу

Кыргызстанда айлык акынын орточо эсеби 15 миң сомду түзөт

Кыргызстанда айлык акынын орточо эсеби 15 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин башчысынын орун басары Азамат Оросбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, орточо айлык акы былтыркы жылга салыштырмалуу курулуш тармагында, тейлөө тармагында, маалымат жана байланыш, мамлкеттик башкаруу жана коргонуу, социалдык камсыздоо, дүң жана чекене соода кылуу жана башка тармактарда өсүүдө.

Ал эми мейманкана жана ресторандар тармагында айлык акынын орточо өлчөмү 9,4 пайызга кыскарган.