Марал Радиосу

Кыргызстанга сүт продукциялары 8 өлкөдөн импорттолот

Кыргызстанга сүт продукциялары 8 өлкөдөн келет. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 36 сүт иштетүүчү завод бар. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 8 айы ичинде 17,5 миң тонна сүт продукцияларын Орусия жана Казакстанга экспорттогон.

Ал эми ушул эле аралык ичинде импорттолгон сүт продукциялары 5 миң тоннаны түзөт. Алар Орусия, Казакстан, Украина, Түркия, Белоруссия, Өзбекстан, Иран жана Польша мамлеккеттеринен келген.