Марал Радиосу

Күз-кыш мезгилинде өрт көбүнчө турак жай секторлорунда катталат

Күз-кыш мезгилинде өрт көбүнчө турак жай секторлорунда катталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин өрт профилактикасы башкармалыгынын жетекчиси Равшан Аширбаевдин айтымында, өрт ташталган тамеки, токко сайылган боюнча калган электр приборлору, аарчылбаган жылыткыч мештер, балдарды көзөмөлсүз калтыруудан чыгат.

Мындан улам үйлөр, мүлктөр өрттөнүп, эң өкүнүчтүүсү адамдардын да өмүрлөрү кыйылып жаткандыгын белгиледи.

Өртгө каршы пропаганда боюнча  иш-аракеттер көрүлөт. Тагыраагы, Бишкек, Ош шаарларында жана облустарда өрткө каршы лекциялар өтүлөт. Калк көп жайгашкан соода борборлордун, базарлардын жана мекемелердин  жетекчилигине түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.