Марал Радиосу

Төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Таласта 9-октябрда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Анын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. “Азра” компаниясы буга чейин төө буурчакты чийки түрдө экспорттоп келсе, эми алар кайра иштетилип акыркы кардардын колуна чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул заводдун мүмкүнчүлүктөрү, өндүрүмдүүлүгү боюнча компаниянын жетекчиси Миргазы Оморов айтып берди.

Жаңы ачылган төө буурчакты кайра иштетүү заводунун өндүрүмдүүлүгү канча?

Жаңы ачылган заводдо саатына 15 тонна төө буурчак кайра иштетилип чыгат. Буга чейин 4-5 тоннага чейин тазалаган чакан заводдор бар эле. Эми бул заводдо акыркы кардарга чейин даяр продукция кылып чыгарабыз. Мурда сырьё катары жөнөтүп келгенбиз. Натыйжада, чоң келишимдер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Экпорттун көлөмүн канча деп болжолдоп жатасыздар?

-Биз буга чейин 10 миң тоннанын тегерегинде экспортко чыгарып келгенбиз. Бул көлөмдү 25-30 миң тоннага чыгарабыз деп максат кылып жатабыз. Негизи 20дан ашык мамлекет менен иштешебиз. Анын ичинде Европа өлкөлөрү бар. Азыркы учурда Индияга да экспорттойлу деп турабыз. Алдыңкы 500 тоннаны Индияга жөнөттүк. Эгер туура келсе ал жака да көп көлөмдө жөнөтө баштайбыз.

Жаңы ачылган завод канча кишини жумуш менен камсыз кылат?

70-80 кишини жумуш менен камсыз кылат. Мындан тышкары биздин компанияда 150дөн ашык киши жумуш менен камсыз болгон.

Дыйкандар быйыл төө буурчактын баасы төмөн деп айтып чыгышты. Баасы кандай болуп жатат?

-Төө буурчактын баасы сортуна жараша болот. Кызыл (томатный) сорту бар, бүгүнкү күндө 33-34 сомдон болуп жатат. Аны Иран гана сатып алат. Мурдагы жылы аз болгондуктан кымбаттаган, а быйыл дыйкандар өтө көп сээп алып, анын үстүнө Иранда девальвация болуп жакшы албай жатышат. Негизи орточо эсеп менен алганда 50-55 сомдон алып жатышат.

Маегиңиз үчүн рахмат!