Марал Радиосу

Президент Казакстан менен чектешкен аймакка барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Покровка айылындагы үрөн чарба кооперативинин, Манас районунун Май айылындагы кооперативинин ишмердүүлүгү жана Казакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка-автодорожный» көзөмөл өткөрүүчү пунктунун иштөө шарттары менен таанышты.

Анда маалым болгондой, Покровкадагы үрөн чарба кооперативинде 20 үй-бүлө жумуш менен камсыз болуп, түшүм жыйноо маалында дагы 35-40 үй-бүлө жумушка тартылат.

Май айылындагы кооператив буудай, кара буудай, көп жылдык чөптөрдү жана жашылча өндүрөт. 10 үй-бүлө туруктуу иш менен камсыз болгон, түшүм жыйноо маалында кошумча түрдө 25-30 үй-бүлө жумушка тартылат.

Андан кийин Жээнбеков «Чон-Капка-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктуна барды. Анда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, пункт аркылуу күнүнө орточо эсеп менен 600дөн ашуун автоунаа жана 3500ден 5000 чейин адам өтөрүн кабарлады.