Марал Радиосу

Уланбек Эгизбаев «Улут абийри» наамына лауреат болду

«Улут абийри» наамына татыктуу лауреат катары маркум журналист Уланбек Эгизбаев тандалды. Бул тууралуу «РухЭш» сайтынын интеллектуалдар альянсы негиздеген «Чеч-Дөбө» кеңешинин жыйынында маалым болду.

Белгилей кетсек, «Улут абийри» наамынын былтыркы жылдагы лауреаты белгилүү публицист Нарын Айып болчу. Ошондой эле Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» наамы география илиминин доктору, белгилүү профессор Эмил Шүкүровго ыйгарылып, эки лауреатка тең 100 миң сомдон тапшырылган.

Аталган сыйлыкты ыйгаруу аземи ушул жылдын 18-октябрында тапшырылат.