Марал Радиосу

Молдованын социалдык коргоо боюнча тажрыйбасы изилденет

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Молдованын парламентинин социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана үй-бүлө боюнча комиссиясынын төрайымы Валентина Булига менен жолугушту. Анда социалдык коргоону камсыздоо маселесинде тажрыйба алмашуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Валентина Булига Молдовада жүргүзүлгөн реформалар, мыйзам демилгелери, ошондой эле балдарды социалдык коргоо жана укуктарын камсыздоо маселелеринде мамлекеттик органдардын өз ара байланыштары тууралуу маалымдады.

Анын айтымында, Молдова 1995-жылдан тарта интернаттык мекемелерде тарбияланган балдардын санын 17 миңден 1300 дейре кыскарткан. Ар бир бала үй-бүлө камкордугун сезүүсү үчүн мамлекет альтернатива түзүшү керектигин белгилейт.