Марал Радиосу

Бажычылар 12 даана трактор мыйзамсыз ташылганын аныктады

Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган “SH 354” үлгүсүндөгү 12 даана тракторду мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Тракторлорду ташып келүүдө жоопкерчилиги чектелген коом бажы жол-жобосунун шарттарын бузуу жолу менен бажы төлөмүн төлөөдөн баш тарткан. Жалпы төлөнбөй калган бажы алымы 887 миң сомдон ашык.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.