Бишкек шаарында абанын табы 5 күн бою +8˚С деңгээлинде сакталса жылуулук сезону башталат.
Белгилей кетсек, 7-октябрдан тарта өлкөдө абанын табы кескин төмөндөп, түнкүсүн 10+ градуска чейин түштү. Айрым аймактарда үшүк жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бүгүн, 9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ошондой эле Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +9…+14;
Таласта +8…+13;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12…+17;
Ысык-Көл жана Нарында +11…+16;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +11…+13.