Марал Радиосу

10-октябрда Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты өтөт

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун сөөгү 10-октябрда жерге берилет. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Анын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Белгилей кетсек, министр 8-октябрга караган түнү ооруканада көз жумган. Жумагулов көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап келген.