Марал Радиосу

9-октябрда Бишкек-Торугарт жолунда унаа кыймылы чектелет

9-октябрда Бишкек-Торугарт автоунаа жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жардыруу иштери автоунаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жараткандыктан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы саат 11:00дөн тартып, 15:00гө чейин автоунаа кыймылына чектөө киргизет.

Ысык-Көл тарапка баруучу автоунаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.