Марал Радиосу

ТИМ: АКШда кырсыкка кабылган кыргызстандыкка жардам көрсөтүлөт

Тышкы иштер министрлиги АКШда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык тууралуу маалымат берип, элчилик окуянын чоо-жайына көзөмөл саларын айтты. Белгилей кетсек, 4-октябрда АКШда кыргызстандык жаран Алмаз Муминов жол кырсыгына кабылганы кабарланды.

Жол кырсыгы Миссури штатында болгон. Жолдошунун жол кырсыгына кабылганын уккан аялы ооруканага бара жатып ал дагы аварияга учураганы айтылууда.

Маалыматтар боюнча, кыргызстандыктар оор абалда.