Марал Радиосу

Кувейттик дарыгерлердин келиши тууралуу министрликке билдирүү келе элек

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кувейттен дарыгерлер келип бекер операция жасалары тууралуу билдирүү келбегенин айтууда. Эгер мындай кайрылуу түшсө, ал тийиштүү тартипте караларын министрлик билдирет.

Мекеменин маалыматында, былтыр 30-апрелден 4-майга чейинки убакытта Кувейттен “Үмүт” медициналык караваны келип, 32 квалификациялык дарыгер бекер жардамдарды көрсөткөн. Алардын ичинде пластикалык хирургдар, жалпы хирургдар, реаниматолог, анестезиолог, ЛОР жана башка кызматкерлер келген.

Быйыл 29-октябрда жогоруда айтылган караван дагы келери тууралуу бүгүн маалымат тараган.