9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ошондой эле Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;
Таласта түнкүсүн үшүк жүрүп абанын табы -1…-3 градус суук болуп, күндүз +8…+13 градуска көтөрүлөт;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл жана Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +11…+13.