Марал Радиосу

Насыя жана гранттарды натыйжасыз пайдалануу боюнча 4 кылмыш иши ачылган

Чет жактан алынган насыя жана гранттарды эффективдүү эмес колдонуу фактылары боюнча 4 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финасы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйын учурунда депутат Улан Примов бул багытта канча иш козголгону тууралуу суроо узаткан.

Прокурордун орун басары маалымдагандай, ачылган 4 кылмыш ишинин үчөө 2017-жылы, бирөө быйыл козголгон. Учурда анын баары иликтенүүдө.