Марал Радиосу

Тышкы карыздын 44,8 пайызы Кытайдын Эксимбанкынан алынган

Финансы министри Адылбек Касымалиев Кытайдын Эксимбанкынан насыя алууну токтотууну сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Министр билдиргендей, Кыргызстандын тышкы карызынын 44,8 пайызы Кытайдын Эксимбанкынан алынган.

Эске салсак, мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги 2027-жылга туура келерин, анын суммасы 400 миллион долларды түзөрүн Касымалиев буга чейин кабарлаган. Анын айтымында, 2027-жылдан кийин карызды төлөөнүн суммасы төмөндөйт.

2018-жылга бюджетке мамлекеттик карызды төлөө үчүн 190 миллион доллар каралган.