Марал Радиосу

Бишкекте кувейттик дарыгерлер бекер операция жасашат

29-октябрда Кувейттен Бишкекке “Үмүт” караваны келип, оор оорулар менен жабыркагандарга бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Ал үчүн 25-октябрга чейин катталып, алгачкы текшерүүдөн өтүү керек.

Акысыз медициналык жардам чоңдор үчүн:

-Жалпы хирургия;

-ичке жана жоон ичегинин шишиги;

-Альвеококкоз жана эхинококкоз;

-грыжанын бардык түрү;

Кувейттик дарыгерлерге операцияга жазылуу үчүн №1 шаардык клиникалык оорукананын №2 хирургия бөлүмүнө кайрылуу керек.

Балдар үчүн:

-балдар хирургиясы;

-операциядан же күйүктөн кийинки дарылануу

-ичегинин өспөй калуусу;

-заара чыгаруу системасынын өспөй калуусу.

Бул ооруларды аныктап, катталуу үчүн Жал кичи районундагы балдар ооруканасына кайрылуу зарыл.