Марал Радиосу

“Газпром” чек ара заставасынын жаңы комплекси ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасынын Баткен облусу боюнча  башкармалыгынын “Газпром” чек ара заставасынын жаңы комплекси ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. 

Чек ара заставасында  курулган  модулдуу имараттардын заманбап комплекси зарыл болгон инфраструктуранын бардыгын өзүнө камтыган-административдик жайлар бар казарма,  офицердик курам жана алардын үй-бүлөсү үчүн үй, кампа жайлары, техниканы сактоочу жана оңдоочу жабык бокстор, кызматтык иттер үчүн вольер, ошондой эле өздүк курам үчүн мончо бар. 

Ошондой эле ок атууну үйрөтүүгө машыктыруучу жай жана спорттук аянт каралган.