Марал Радиосу

“Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу жарманке болду

5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү.

Анын негизинде, курулуш, мобилдик жана туристтик компаниялардын, сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, ишкерлер жеңил өнөр-жай, тамак-аш, айыл-чарба продукцияларын арзан баада сатышты.

Көргөзмө-жарманкеге жалпысынан район-шаарлардан 150гө жакын катышуучулар өз продукцияларын, колдо жасалган буюмдарын шаардыктарга жана келген конокторго көрсөтө алышты.