Марал Радиосу

«Чыңгыз ордо» тарыхый-маданий мемориалдык комплексинин курулушу башталды

6-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Чыңгыз ордо» тарыхый-маданий мемориалдык комплексине капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев, экс-вице-премер министр Даир Кенекеев, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев катышты. Жалпысынан куруу долбоору 8 этапка бөлүнүп, биринчи этаптын болжолдуу наркы 68 млн 970 миң 509 сом болгон.

Төрага Дастан Жумабеков: «Чынгыз ордо» тарыхый-маданий мемориалдык комплекси келечекте Ч.Айтматовду дүйнөгө даңазалап турган жер болот. Комплекстин курулушу соңуна чыккыча жол көйгөйлөрү да чечилет», — деди.