Өзбекстандын мамлекеттик статистика комитети республиканын товар жүгүртүүсүндө ири үлүшкө ээ болгон мамлекеттердин катарында Кыргызстан да бар экенин маалымдады.
Акыркы 8 айдын жыйынтыгына ылайык Кыргызстан Өзбекстандын өлкөлөр арасындагы тышкы соода жүгүртүү боюнча тизмесинде 12-орунга татыган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 143,4 пайзга өсүп, 249 млн долларга жеткен. Мында Кыргызстандын үлүшү 1,2%ды түзгөн.
Кытай 19.1% үлүшү менен биринчи орунда болсо, Орусия 18,3% менен экинчи орунда турат. Ал эми үчүнчү орунда Казакстан (9,4%) турат.