Марал Радиосу

Опера ырчысы Монсеррат Кабалье 85 жашында каза болду

Испаниянын Барселона шаарында дүйнөлүк атакка ээ болгон опера ырчысы Монсеррат Кабалье 85 жашында каза болду. Бул тууралуу бир катар дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ырчы Сан-Пау ооруканасында каза болгон. Кабалье 8-октябрда жерге берилет.

Сентябрдын аягында ырчы ооруканага жатканы кабарланган болчу.

Белгилей кетсек, Монсеррат Кабалье 1933-жылы Барселонада жарыкка келген. Ал Кабалье Россини, Беллини жана Доницеттинин классикалык операларында роль аткарып жана созолонто ырдаганы менен белгилүү болгон.