Марал Радиосу

«Чыңгыз-Ордо» маданий комплексинин пайдубалына капсула салынды

6-октябрда Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында курула турган «Чыңгыз-Ордо» маданий комплексинин пайдубалына капсула салынды. Ага төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңешинин депутаттары катышты.

ЖКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Жумабеков аземде сөз сүйлөп, залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматов Кыргызстанды дүйнөгө таанытканын баса белгилеген.

«Капсула салуу иш-чарасына катышуу баарыбыз үчүн сыймык. Анткени, Чынгыз Айтматов адабиятыбыздын алпы, кыргыз элинин залкар инсаны. Улуу «Манас» эпосунун жана асыл калемгердин арты менен өлкөбүз дүйнөгө таанылган. Анын китептери дүйнөнүн 170тен ашуун тилине которулуп, көпчүлүк кызыгып окуган. Биз мындан ары да Чыңгыз Айтматовдун адабий мурастарын жайылтууну улантышыбыз керек», — дейт Жумабеков.

Белгилей кетсек, өкмөттүн токтому менен «Чыңгыз-Ордо» маданий комплексин курууга Шекер айылынан 15 гектар жер бөлүнүп берилген. Андан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен жазуучунун өз айылындагы үй-музейи оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.