Марал Радиосу

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан убактылуу бошотулду

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов убактылуу иштен четтетилди. Бул тууралуу Кара-Суу райондук администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындан бир жума мурда Кара-Суу райдук администрациясына Абдукаримовду убактылуу иштен бошотуу боюнча тергөөчүдөн кат келген.

Буга чейин аталган айыл өкмөттүн башчысы менен жер адиси жер мыйзамдарын бузгандыгы боюнча экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан кармалганы айтылган.

Алардын кармалышына 10 адамга жер берүү боюнча токтомго негизсиз кол коюшканы себеп болгон.

Эске салсак, буга чейин Ош облустук прокуратурасы Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысына жер мыйзамдарын бузгандыгы боюнча иш козгогон. Ал тергөө иштери аягына чыкканга чейин кызматтан бошотулган.