Марал Радиосу

Ийне сайдырган соң каза болгон кыздын өлүмү боюнча комиссия түзүлдү

Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан ийне сайдыргандан кийин көз жумган кыздын өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалым болгондой, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Буга чейин шаардык милициянын маалымат кызматы каргаша 1-сентябрда болгонун билдирген. Алар берген маалыматка ылайык, 16 жаштагы окуучу кыз дарыланып жаткан, үчүнчү күнү ийне сайгандан кийин 20 мүнөттөн соң каза болгон.