Марал Радиосу

ЖМК: Интерполдун президенти Мэн Хунвэй Пекиндин абагында сакталууда

Интерполдун президенти Мэн Хунвэй Кытайда жоголгон эмес. Ал камакка алынып, Пекиндин абагында сакталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Дүйнөлүк басылмалар Мэн Хунвэйдин кармалышы Кытайдын таасирдүү адамдары менен болгон тирешүүгө байланыштуу болушу мүмкүн экенин жазышкан.

Белгилей кетсек, Мэн Хунвэй Франциядан Кытайга 29-сентябрда кеткен. Азыркыга чейин анын кайсы жерде экени тууралуу расмий айтыла элек. Жубайы Хунвэй дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кабарды тастыктагандан кийин гана издөө иштери башталган.

64 жаштагы Мэн Хунвэй Интерполдун президенти болуп 2016-жылы шайланган. Ал Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары катары да иштеп келген.