Марал Радиосу

Бишкекте тротуарларга чакырыктар жазылууда

Бишкектин жолдорунда биринчи жолу жөө адамдар үчүн эскертүүчү жазуулар пайда болду.

«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин кызматкерлери бүгүн тратуарларга «Баланы колдон чыгарбаңыз!», «Кулакчынды чечиңиз!», «Телефонго алаксыбаңыз!», «Өткөөлдүн коопсуздугуна ынаныңыз!» деген жазууларды жаза башташты.

Аталган мекеменин жетекчиси Наркамал Максутова бул кадам жөө адамдардын катыштыгы менен болгон жол кырсыктарынын алдын аларын айтат.

Маалыматка ылайык, мындай чакырыктар Чүй проспектисинин Жаш Гвардия, Эркиндик бульварлары, Турусбеков, Исанов, Тыныстанов, Шопоков, Гоголь көчөлөрү менен кесилишкен жана Чүй проспектисинин Чыгыш-5 кичирайонун аралап өткөн жерлерине жазылат.