Марал Радиосу

Кыргызстандык команда дүйнөлүк шахмат олимпиадасында алтын тагынды

Кыргызстандын шахмат боюнча аялдар курама командасы 2018-жылкы Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында алтын медалга ээ болду.

Кыргызстандык команда мелдештин жыйынтыгында 13 упайга ээ болушту. Тайпада Александр Самаганова, Диана Өмүрбекова, Бегимай Заирбек кызы, Зарина Усупбекова жана Шаадат Момуналиева болгон.

Турнир үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрдан 5-октябрь аралыгында Грузиянын Батуми  шаарында өттү. Медалдары үчүн 149 аялдар командасы күч сынашты.