Марал Радиосу

Исфана–Кайрыгач жолу бир айдын ичинде колдонууга берилет

Эл аралык маанидеги Исфана–Кайрыгач жолунун курулушунун 80% аяктады. Ушул жылдын октябрь айында толук бүткөрүлүп, колдонууга берилет. Бул тууралуу жол куруучу компаниянын өкүлү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Исфана–Кайрыгач жолу 36 чакырымды түзүп, 3 участоктон турат.

Жолду кытайлык ишкана куруп жатат. Ал эми көзөмөлдөөчү француз компаниясы.

Белгилей кетсек, жолдун долбоору 2014-жылы түзүлгөн. Курулуш иштерине 1 млрд 500 млн сом кеткен.