Марал Радиосу

Өкмөт кырсыктардын тобокелдигин азайтууга маани берүүдө

Бүгүн, 5-октябрда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө арналган илимий-практикалык конференцияга катышып, акыркы жылдары глобалдык жана улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдардын өсүүсү байкалып жатканын айтты.

Ошондой эле, өкмөт кырсык тобокелдигин кыскартуу, адам курмандыктарын жана экономикалык жоготууларды азайтуу үчүн комплекстүү чараларды кабыл алып жатканын кабарлады.

2018-2030-жылдарга өлкө калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоого алуу концепциясы кабыл алынган.