Марал Радиосу

«Ихлас» алган 8 гектар жердин мыйзамдуулугун текшерүү сунушталды

Депутат Алмазбек Баатырбеков “Ихлас” курулуш компаниясына “Жал Артис” турак жай комплексинин аймагынан 8 га жердин берилишинин мыйзамдуулугун текшерүүнү сунуштады.

Бул тууралуу ал фракция жыйынында айтып, бул компания буга чейин дагы ири жер участокторун алып жүргөнүн белгиледи.

Өкмөттүк трассада көп кабаттуу үйдүн курулушу үчүн жер алган. Бул боюнча депутаттар көп жолу маселе көтөрсө да реакция болгон эмес. Азыркы алып жаткан жерине үй курса, анын жок дегенде он пайыз бөлүгү социалдык турак жай болсун”,- деди эл өкүлү.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин маалыматы боюнча, компания алган 8 га жерде курулуш иштерин баштай элек.