Марал Радиосу

Кыргызстандык аял мамлекеттик чек ара мыйзамын бузган

Кыргызстандан башка бирөөнүн паспорту менен Орусияга учуп кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

4-октябрда Бишкек-Новосибирск каттамын каттоо маалында 1978-жылы туулган кыргызстандык аял башка жаранга таандык болгон паспортту көрсөткөн.

Чек ара кызматкерлери документтерди текшерүү маалында паспорт аталган жаранга таандык эмес экендигин аныкташкан. Кармалган жаран тиешелүү документтер чогултулган соң, УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.