Марал Радиосу

Кытай Кыргызстанга 100 дана өрт өчүрүү техникасын берет

Кыргызстанга Кытайдан 100 даана өрт өчүрүү унаасы жана Түркиядан тепкич алып келинет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мизахмедов билдирди.

Ал ошол эле учурда республикалык бюджеттен жок дегенде 5 техника алууга акча бөлүү сунушу берилгенин айтат. Министрдин маалыматында ӨКМге өрт өчүрүү унаалары акыркы жолу 2008-жылы алынган.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 50 метр узундакты гана эки тепкич бар. Анын бири начар абалда.

Министр кошумчалагандай, ӨКМдин сунушу кабыл алынса жаңы техникалар Бишкек жана Ош шаарларына жиберилет.