Марал Радиосу

Бишкектин деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгууга 24 млн сом коротулду

Бишкек мэриясы шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгууга 24 млн сом коротту. Бул тууралуу аталган долбоорду талкулоо маалында калаа башчы Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, калаанын борборун деталдуу пландоо боюнча иш 2013-жылда башталган, келишимге 2014-жылы кол коюлган.