Марал Радиосу

Жалал-Абад облусунун аймагында жер силкинди

Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жер титирөө 4-октябрда болжол менен түнкү саат 23:02 чамасында катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Жаны-Жер, Жийде, Сузак, Арал, Күмүш-Азиз, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 баллга, Жалал-Абад шаарында жана Бекабад айылында 3 баллга, Ош шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version