Марал Радиосу

Чакан жана орто бизнес ишканалары тарткан инвестиция 14 пайыз азайды

Былтыр чакан жана орто бизнес тармагындагы ишканалар негизги капиталына 50 млрд 403 млн сом иретинде инвестиция тартышкан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.

Бул сумма 2016-жылдагы көрсөткүчкө караганда 14,1 пайызга аз. Бирок 2013-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп.

Чакан жана орто бизнес ишканалары эң көп турак-жай курулушуна, транспорт, кыймылсыз мүлк, өндүрүш тармагына инвестиция тартышкан.