Биз менен байланышыңыз

Мавлянова: Деңгээлине жараша сүйлөп жаткандарга теңелбейм

Күн чекит | 4 Окт 2018 | 2521 | 1

Дүйнө жүзүндөгү туристтердин 30 пайызын кытайлар түзөт, алардын Кыргызстанга визасыз режим менен кирүүсүн камсыз кылуу керек. Мындай пикирин бүгүн, 4-октябрда депутат Махабат Мавлянова парламентин жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн бул сөзү коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Муну менен Махабат Мавлянова эмнени айткысы келген? Демилгенин негизги жүйөсү эмнеде? Өз демилгесин депутат  «Күн чекит» программасында  ачыктап айтып берди.

-Парламентте көтөрүлгөн демилгеңиз коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Аны көтөрүүдөгү максат эмне эле?

-Азыр коомчулукта туура эмес маалымат тарап жатат. Ал жерде мен жалпы Кытайдын жарандары эмес «Туристтик топтук виза» деп сүйлөгөм. Бул туризмди өнүктүрүү үчүн бизге абдан керек болуп жатат. Алыс барбайлы, Орусия менен Казакстан ортосунда дал ушундай келишим бар. Анда өлкөгө туристтик багытта 30-40 киши бир келет. Бул жерде мигранттар эмес, бул жакта калып калчу  жумушчу катмар эмес. Дүйнө жүзүн кыдырып, эс алганды билген жарандар тууралуу сөз болуп жатат. Аларды туристтик компаниялар алып келип, саякат жасатат жана  кайра өлкөдөн чыгарып кетет. Ал үчүн жооркерчилик туристтик компанияга жүктөлөт. 

-Сиз демилгеңиздин артыкчылыгын айтып жатасыз. Ал эми коопсуздук жактан тобокелчиликтер эске алынганбы?

Эгер бир эле Кытай жараны өлкөдө  калып калса, ошол туристтик компания чоң жоопкерчиликке тартылат. Бул жагынан өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн катуу механизмдер иштелип чыгышы керек. Ал Улуттук коопсуздук кызматы сындуу органдар тараптан жөндөлөт. Ошондо дүйнөнүн ички дүң продукциясынын жана туристтердин 30 пайызын Кытай түзүп жатпайбы… Эгер алар ушул шартта келе турган болсо, биздин экономикага таасири чоң болот. Дүйнөдөгү изилдөөнү карасак, өлкөгө келген бир турист 4 жумушчу орун түзүп берет деген маалымат бар.    

-Ал эми коомчулуктан дал ушундай реакция болорун күттүңүз  беле?  

Бизде социалдык тармактын пайдасы ушул болуп калбадыбы. Бир сүйлөгөн сөзүңдүн жарымын кесип салып элди дүрбөлөңгө түшүрүп жатышат. Муну 1-класстын баласы деле түшүнүп калды. Мен ага маани деле бербейм. Маселени терең түшүмбөй жаткандарга көңүл бурбайм. Өз деңгээлине жараша сүйлөп жаткандарга теңелбейм! Бул демилге бүгүн гана чыгып жаткан жок. Туристтик ассоциация үч жылдан бери суранып келе жаткан. Анткени туристтик агым кескин көтөрүлмөк.

Маегиңизге рахмат!

1 пикир

1 пикир

  1. Aslan

    05.10.2018 20:37

    Если бир кытай калып калса ошол турфирма жооп тартат деп жатат,кайдагы жооп тартат , Кыргызстанда коррупция жолу менен чечилип кетет,вообщем озунорго шабашка издеп жатасынарбы билбедим

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM