Марал Радиосу

Жергиликтүү тургунду сабаган жетекчинин иши кайра каралат

Базар-Коргон районунун тургуну Таалайбек Исаевдин райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевге байланыштуу кайрылуусунун жыйынтыгы чыкканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 15-августунда Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү калк менен жолугушууда жергиликтүү жашоочу өзүн  райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиев иш бөлмөсүндө токмоктоп жана аны жаракат берүүчү тапанча менен бир нече жолу атканын айтып, козголгон кылмыш ишин көзөмөлгө алууну өтүнгөн.

12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бул боюнча бардык материалдар изилденип, иш юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилгенин билдирген.

Башкы прокуратурадан алынган маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук соту Эмилбек Тарыхчиевге Жазык кодексинин 105-беренесинде каралган кылмышты жасаганы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок мурда жарыяланган мунапыска байланыштуу Эмилбек Тарыхчиев жаза өтөөдөн бошотулган.

Буга байланыштуу жабырлануучу Таалайбек Исаевдин соттун чечимдерин жокко чыгаруу жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш өндүрүштү кайра жандандыруу тууралуу арызы Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан каралып жатат.