Марал Радиосу

Кыргызстанда маңзат ташуунун эл аралык каналы аныкталды

Кыргызстанда маңзат ташуунун эл аралык каналы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

3-октябрда Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн Ооганстанда өндүрүлгөн маңзат кармалды. Анын салмагы 12 кг 810 гр түздү. Баңгизат каналын уюштурган адам кармалып, ага карата кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери уланууда.