Марал Радиосу

Айрым жаза аткаруу мекемелеринин режимин өзгөртүү сунушталды

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы айрым жаза аткаруу мекемелеринин режимин өзгөртүүнү сунуштоодо. Бул багытта токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлат.

Алсак, Жайыл районундагы Петровка айылында №8 күчөтүлгөн режимдеги жаза өтөө имаратын жалпы режимге өткөрүү сунушталууда.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарындагы №10, Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 мекемени жалпы режимдеги жаза өтөө мекемесине айлантуу сунушталды.