Марал Радиосу

Мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги 2027-жылга туш келет

Мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги 2027-жылга туура келет, анын суммасы 400 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу парламент жыйынында Финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 2027-жылдан кийин карызды төлөөнүн суммасы төмөндөйт.

2018-жылга бюджетке мамлекеттик карызды төлөө үчүн 190 миллион доллар каралган.

Exit mobile version