Марал Радиосу

Абу-Дабиде кыргызстандык кыз каза болду

Бириккен Арап Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кыргыз кызы каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Министрлик учурда бул окуя көзөмөлгө алынганын, аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилиги иштин тергелишине көз саларын билдирет.

Кыргызстандык жарандын өлүмүнүн себеби азырынча маалымдала элек. Сөөктү мекенине алып келүү боюнча элчилик менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.