Марал Радиосу

Шамалды-Сайда чек арачыларга үй курулат

4-октябрда  Жалал-Абад облусунун  Шамалды-Сай шаарчасында чек арачылар үчүн  курула турган турак жайдын  пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

36 батирлүү заманбап турак жай республикалык бюджеттен каржыланууда. Ал 2 жана 3 бөлмөлүү, өзүнчө от казаны, балдар ойноочу аянтчасы болуусу каралган.

Эске салсак, сентябрда Ала-Бука чек ара отрядынын  чек арачылары  жаңы батирлерге  киришти. Жакынкы убакта чек арачылар үчүн Талас жана Чүй  облустарында  курулуп жаткан  турак жайлар бүтүрүлүүдө.