Марал Радиосу

Нобель сыйлыгы химия тармагындагы ээсин тапты

2018-жылдын химия боюнча Нобель сыйлыгын  америкалык химик аял Френсис Арнольд, анын кесиптеши Жорж Смит жана британиялык Грегори Винтер алышты. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

Окмуштуулар жандуулардын эволюциясы жана жаңы белоктордун пайда болуусун изилдешкен.  Френсис Арнольд ДНКдагы клеткада жаңы белокту пайда кылуу менен ДНКны өзгөртүүчү технологияны 1993-жылы ойлоп тапкан. Ал эми Смит менен Винтер бактериялардын жардамында белокторду пайда кылуучу кыртышты жасашкан.

Жер шаарынын эң ардактуу сыйлыктарынан болгон Нобель 1901-жылдан бери медицина, адабият, физика, химия жана тынчтык үчүн жасалган эмгектерге берилип келет.