Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда электр чубалгылары алмаштырылууда

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 1397 | 0

“Жалалабатэлектр” ачык акционердик коому “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысын алмаштырып жатат. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

22 чакырымды түзгөн “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысы жогорку өткөрүмдүүлүктөгү  аба чубалгыга алмаштырылууда. Себеби ал 1969-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, күз-кыш айларында авариялык абалды жаратып келген.

Аба чубалгы Жалал-Абаддын Үч-Терек, Кызыл-Ураан, Жетиген, Өзгөрүш айылдарын аралап өтөт, аталган айылдарда 4 миңдей абонент бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM