Марал Радиосу

Айылчиев: Коррупция менен жарандык коом дагы бирге күрөшсө

Конфискацияланган каражат бирдиктүү депозиттик эсепке түшөт. Кылмыш иши соттун кароосуна жиберилет. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгынын башчысы Элдияр Айылчиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коррупциядан өндүрүлгөн каражаттын 30% кызматкерлерге таркатылат.

«Шыктандыруу максатында кызматкердин ишине баа берилип, кошумча каражат берилип турат. МАИ көйгөйлүү маселе. Жарандар эреже бузушса кызматкерлерге акча бербеши керек. Азыр МАИ кызматкерлери да өзгөргөн. Мурдагыдай жөнсүз токтотушпайт. Коррупциялык элементтер менен жарандык коом дагы бирге күрөшсө жакшы болот,» — дейт Айылчиев.

Ал буга кошумча, аткезчилик жолу менен алынып келген унаалар боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жоопко тартылып, камакка алынганын билдирди.

«Алар унаалардын бажы төлөмдөрүн төлөбөй легалдаштырып айдап жүрүшкөн. Бажы төлөмдөрүн төлөтүп, тиешелүү адамдар камалды. Мамлекеттик каттоо кызматынын жана атайын уюшкан кылмыштуу топ айыптуу деп табылган. Кылмыш иши тергелип, сотко өткөрүлүп берген», — дейт Айылчиев.

Exit mobile version