Марал Радиосу

Акыйкатчы аялдардын укугун коргоо маселесин козгоду

Акыйкатчы “Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулованы кабыл алып, аялдардын укугу боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөштү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандум кабыл алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган аялдар, аларга адвокат жалдоо маселеси көтөрүлдү.

“Сезим” кризистик борбору үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар, адам сатуунун, ала качуунун курмандыгы болгондор менен иш алып барат.