Марал Радиосу

Бишкекте айыл-чарба жарманкелери өтөт

Бишкекте 6-октябрдан тарта айыл-чарба жарманкелери башталат. Алар ар ишемби жана жекшемби күндөрү саат 07:00дөн 16:00гө чейин өткөрүлөт.

Жарманкелер Бишкектин Свердлов районунда Төрөкул Айтматов жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде;

-Ленин районунда Айни жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

-Октябрь районунда Токомбаев көчөсүнөн Айтиев көчөсүнө чейин.

Жарманкеде экологиялык таза жер-жемиштер, сүт жана эт азыктарын төмөнкү баада сатып алууга мүмкүн болот.