Биз менен байланышыңыз

Отунбаева: Ысык-Көл форумунун актуалдуулугу азыр да курч

Пикирлер | 3 Окт 2018 | 2233 | 0

4-октябрда “Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” аталышындагы III эл аралык Ысык-Көл форуму башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө. Отуз жылдан ашуун убакыттан бери келе жаткан Ысык-Көл форумунун негизги мааниси тууралуу экс-президент Роза Отунбаева менен маектештик. Берүүнү Майраш Базлакунова алып барды.

1986-жылы октябрда Ысык-Көлдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен эл аралык форум өткөн. Бул тарыхый жыйын “Ысык-Көл шеринеси” деген ат менен белгилүү. Андан бери 32 жыл өтүптүр. Айтсаңыз, бүгүнкү күндө форумдун мааниси канчалык?

— Ысык-Көл форумунун мааниси өтө зор. БУУнун Башкы Ассемблеясы дүйнөлүк трибуна. Ошол жерде мамлекет башчылар, Тышкы иштер министрлери 193 өлкөнүн лидерлери келип, дүйнө өнүгүүсү боюнча оюн айтып кетишет. Азыр эл аралык катнаштар кандай?  БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да өз сөзүндө бүгүнкү күндө ишенимдин чоң дефицити болуп жатканына токтолду. Ал улуттук институттарга, өлкөлөрдүн ортосунда ишеним жок экенин белгиледи. Дүйнөлүк тартипте да ишеним жок болуп жатканын айтты. БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги мамлекеттердин арасында да ишеним жок болгондуктан ири, курч дүйнөлүк маселелердин баары чечилбей туруп калууда. Биз ушундай абалда жашап жатабыз. Ал эми 1986-жылдарды элестетсек, анда кайра куруу болуп жаткан. Михаил Сергеевич Горбачёв келип, Америкага карата экинчи супер держава аталган СССР өзгөрүлүп жаткан кез болчу. Мына ошондо «муздак согуш» дегенибиз катып калган муздай экен. Аны  ээритүү маселеси турган. СССРдин да, АКШнын аркасындагы блог болгон, бир кадам жылбаган мамлекеттер турган. Мына өзөктүк согуш болот деген маал эле. Карап көрсөк, отуз жылдан кийин ошондой учурга кайра келип жатабыз. Ошондо Ысык-Көл форуму муздардын баарын сындырып өтүп жаткан маанилүү окуя болду. Иш-чарага келген конокторду Москвада Горбачёв кабыл алган. Ушундай заңгыраган заман эле. Менин оюмча аталган форумдун актуалдуулугу бүгүнкү күндө да курч.

Кайра куруу жылдарында өзгөрүүлөрдүн деми сезилип турду беле? Ч.Айтматов менен жакшы мамиледе болгондуктан Горбачёв “форумду каалагандай өткөрө бер деген” деп айтып калышат…

— Ошол убакта креативдүү идеялар керек болчу. Кимди чакыруу керек, муздарды кантип ээритүү зарыл деген идеяларга чоң муктаждык болгон. Биринчи ирет Москвада кийин башка жерлерде ар кандай идеялар айтылып отурду. Айтматовдун тегерегинде да бир топ креативдүү адамдар бар болчу. Алардын бирин атап кетпесем болбойт. Рустем Хаиров СССР убагында биринчи өкмөттүк эмес уюмдарды түзгөн. Ошол идея менен булар Борбордук партиянын комитетине чыгышат. Батыштагылар “булар баягы эле партиянын үстөмдүгү” деп коркушат. Бул форумдун дизайны такыр башкача болчу. Аны дүйнөгө аты чыккан Чыңгыз Айтматов өзү “Ысык-Көл шеринеси” деп айтты. Өзүнө тең, салмактуу, өз өлкөлөрүндө таасири күчтүү адамдарды чакырса «биз кантип дүйнөнү өзгөртөбүз, эки супер державаны жакындатабыз, аркабыздагы жаштар кандай жолдор менен өнүгүшү керек, кантип 3 миң жылдыкка киребиз” деген ойлорду чыгарса деп иш башталат. Борбордук комитеттен буйруктар келе баштайт. Азыр ошол иш-чараларды аткаргандардан Апаз Жумагулович бар. Биз ашкана, эс алуучу жайларын жайгаштырып ишти баштаганбыз. Шериненин башында Айтматов турду. Келгендер музейге барып, шаарды кыдырышты. Ага кыргыз жазуучулары да кошулду. Негизи дүйнөлүк көйгөйлөрдү сүйлөшүп алалы деген иш-чара болду.

— Ушул форумда Айтматовдун, жалпы эле кыргыздардын эңсегени эмне эле?

— Биз анда СССРдин бир бөлүгү болчубуз. Өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп кетерибиз ойдо жок эле. СССРде кайра куруу мезгили жүрүп жаткан. Азыр дүйнөнү карап жаткан өлкө катары көйгөйлөргө толуп турабыз. Бүгүн дүйнөдө көйгөйлөр көп. Алсак, Европанын барын миграция көйгөйү каптап кетти. Эски Европа жок. Биздин мигранттар Орусияга кетип элибиз кыйналып жатат десек Европанын көгөйлөрү андан да чоң. Анткени Европанын өкмөтүндө туруксуздук болуп, элдин сынына кабылууда. Күчтүү мамлекет деп саналган Италия дагы кыйналып жатат. Ысык-көл форумунда мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Ага атактуу жазуучу, окумуштуулардан жалпы 15 киши келди. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн да окумуштуулары келди. Алар “дүйнө жүзү али сабатсыз, жакырчылык бар” деген көйгөйлөрдү көтөрүштү. Бизде андай маселелер жок болчу. Биз СССРде супер держава катары жашап турган кез эле. Бизге кытайдын кыргыздары келип калса “кандай сонун, дүркүрөп өнүгүп жатасыңар” деп кетчү эле.

Испаниялык окумуштуу, жазуучу Федерико Майор: “Шерине жаңыча ой жүгүртүүнүн көк тамыры болуп берген” деп Ысык-Көл форумуна абдан жогору баа берип, Айтматов оригиналдуу ой жүгүрткөн адам экенин жазган экен. Сиз президент болгондон кийин да аталган форумду жандандыруу сунушун берген экенсиз. Аны дүйнө интеллектуалдары кандай кабыл алды?

— Тилекке каршы, президент болуп аз убакыт иштеп калдым. Форумду жайылтканга убакыт тар болду. Ысык-Көл форумуна дүйнө жүзүндө жакшы реакция болду. Ар бир өлкөнүн руханий ресурсу абдан маанилүү экен. Балким  6 млн элибиз болсо да руханий ресурсубуздун деңгээли абдан жогору болду. Айтматов чыгармаларын кыргыз тилинде жазса канча тилге которулаары белигисиз. Бирок орус тилинде жазгандыктан китептер бир канча тилге которулуп, дүйнө жүзүнө жайылып кетти. Буга туура баа бериш керек. Кичинекей өлкө болсок да бизде Манас, Чыңгыз Айтматов бар. Руханий ресурсубуз күчтүү экенин кошуналар да сезишет. Форумду дагы да өткөрө бергенде өлкөнү таанытууга көп жардамы тиймек. Өлкөнү картага койгонго да чейрек кылым керек болду.  Ысык-Көл форумун өткөрүү боюнча бир нече жолу аракеттер болду. Испания, Стамбулда чогулушту. Ал эми Кыргызстанда 1997-жылы да уюштурууга аракет жасады. Горбачёв өзү келди. Бишкектен Ысык-Көлгө да алып бардык. Азыр форумга чакырганга Айтматовдой адам жок. Анын “Ысык-Көл форуму” деген китеби чыккан. Окусаңыз, Айтматовдун деңгээли, сөз байлыгы дүйнөлүк ири инсандардын сөздөрүнө тете. Ошондуктан Чыңгыз Айтматовдун жоктугун миң жолу сезип жатабыз.

— Бүгүн Айтматовсуз ушундай деңгээлде форум өткөрө алабызбы?

— Азыркы форум Чыңгыз Төрөкуловичтин 90 жылдыгына арналган. Ал өзү жок болсо да эмгегин баалап, эстеп жатабыз. Ал киши мына ошондо планетаны дүңгүрөтүп форум өткөрдү эле. Бирок азыр да Кыргызстан форумдун чыныгы уясы. Учурда 20дан ашык өлкөдөн коноктор келгени, иш-чара өтүп жатканы биздин да парзыбыз. Жасап жатканыбыз туура иш деп ойлойбуз. Ошондуктан таштарга сөзсүз таасири болот. “Ысык-Көл форуму” китебин кайра чыгарышса болмок. Себеби ар бир айткан сөздөрү таасирдүү жазылган. Бүгүн кайра ошол көйгөйлөргө учурап жатабыз. Азыр бул китепти окусак дал ушул маселелер жазылгандай. Көйгөйлөрдү чечүү үчүн дүйнө биригиши керек. Убакыт тездик менен өтүп жатат. Орто Азия өлкөлөрү бирге болсок күчтүү болмокпуз. Өзбекстандын президенти ушул идеяны баштады. Эми баарыбыз буга аракет кылсак жакшы. Орто Азиядагы өлкөлөр бириксе маанилүү регион пайда болот.

— Чыңгыз Айтматов менен алакада болгон белеңиз? Чыгармачылыгын жогору баалап билет экенсиз…

— Айтматов менин атам менен тең. Ал атам менен да тааныш, баарлашып жүргөн киши болчу. Мен Айтматовду биринчи жолу көргөндө кичинекей элем. Ошто мектепте окуп жүргөндө Орусиянын атактуу артисттери менен бирге келип калды. Бул биз үчүн чоң жаңылык болчу. Ошондо биринчи жолу кол тамгасын алганмын. Кийин мен өкмөттө иштеп калдым. Вице-премьер-министр болуп турганда чыгармачыл адамдар менен көп алакада болот экенсиң. Ошол убакта Айтматов менен иштешип калдык. Анда анын Кыргызстанга келгени күн чыккандай болчу. Айтматовдун чоң жыйындарда сүйлөшүн күтүп эле отурчубуз. 1989-жылы Москвага иштегени кеттим. Ага чейин Тышкы иштер министри болуп да иштедим. Айтматов көп эл аралык конференцияларга барып жүрчү. Москвада иштеп жатканда 1991-жылы Айтматов Люксембургга элчи болуп калды. Ал эми мен СССРдин ЮНЕСКОдогу өкүлү болчумун. Ошондо үй-бүлөбүз менен катташып калдык. Кесиптик мамилелер болуп жатты. Мен Кыргызстанга Тышкы иштер министри болуп келгенде да Айтматов Орусия үчүн иштеп турган. 1994-жылы аны Орусиянын элчилигинен биздин Брюсселдеги элчиликке алып келдим. Мен Тышкы иштер министри катары ал элчи катары бир топ жыл иштештик. Анын чыгармаларын окудук. Ар бир китебин күтүп турчубуз. Ал убакты  окуунун маданияты абдан жогору болчу. Азыр эми китептин ордун сыналгы, гаджеттер ээлеп алгандыктан жазуучулардын орду да төмөндөдү окшойт. Айтматовдун 70 жылдыгында атайын Лондонго чакырып, көп жолугушууларды уюштуруп журдүк. Айтматовду жазуучу эле эмес адам катары да жакшы билип калдык. Азыр да үй-бүлөсү менен катташып турабыз.

— Айтматовго жеткиликтүү көңүл бурулуп жатабы?

— Айтматов үчүн комплекс же маданият борбору болушу керек эле. Уулу Эльдар Айтматовдун да эки көзү төрт. Ал долбоорду чийип да алган. Бирок ишке ашырууга инвестиция жок болуп жатат. Быйыл Шекер айлында эстелик орнотулуп, коомдук борбор курулуп жатат. Бишкекте да ушундай борбор болушу керек. Биз Айтматов канчалык улуу инсан экенин сезбей жатабыз. Дүйнө жүзүнөн келип Айтматов жашаган жерди көрүп, изилдеп жатышат. Мен мисалы, Москвага барсам Толстойго барып калам, тим эле руханий дүйнөң тазаланып келет. Мындай жерлер өтө маанилүү. Шекер айылы Мекке болуп калгандай түргө жетип турат. Бир топ иштер жасалып, китептери басылып чыгууда. “Музейдеги түн” деген жакшы иш-чараларды жүргүзүп жатышат. «Балдар Айтматовду көп окубайт» деп капа болоюн десең, Айтматов да балдар үчүн атайын көп жазбаптыр. Чоң кишилер үчүн философиялык чыгармаларды жазган. Балдар үчүн “Балалык” деген китебин дагы басып чыгарыш керек. Чыңгыз Айтматовдун китептери мурда 100 миндеген нускада чыкса, азыр 2 миңден чыгууда.

— Айтматовдун чыгармалары, чакырыктары чын эле адамзат муктаж болуп жаткан баалуулуктар жана керектүү чечимдер. Биз кыргыздар XXI кылымда муну кантип дүйнө коомчулугуна чечим катары суна алабыз. Мисалы, Айтматов “Адам үчүн эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген. Эң оболу өзүбүз үчүн кантип жеткиребиз?

— Биринчиден, китептерин жайылтышыбыз керек. Ар бир кыргызстандык чыгармаларын колуна кармагандай болушу зарыл. Айтматов ачык адам болчу. Бирөө кино тартам десе да, спектакль коём десе да баарына эле макул боло берчү. Театралдык фестивалдарды өткөргөндө якутиялыктар, литвалыктар да келип спектаклдерди коюшчу. Демек, Айтматов туура кылган экен. Анын чыгармаларын окуганда, сезгенде ошол чындык, акыйкат, таза баалуулуктардын баарын өзүбүзгө сиңиргенге аракет кылабыз. Айтматовдун чыгармалары жалпы адамзаттын баалуулуктарын чагылдырылгандыктан баарына жагат. Ошондуктан колубуздагы байлыкты көбөйткөнгө, жакындарыбызга жеткирүүгө аракет кылышыбыз керек.

— Угарман сурап жатат, “Ысык-Көл форумунун” быйыл өткөнү абдан жакшы болду. Бул иш-чараны жылына болбосо дагы байма-бай өткөрүп турууга болобу? Анан дагы масштабдуу кылса болчудай”,-деген тилегин билдириптир.

— Эми азыр форумга атактуу адамдар да келе жатышат. Чыңгыз Төрөкулович менен жанаша иштешкен, жүргөн адамдар бар. Алсак, Казакстандан Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов, Мурат Ауэзов өңдүү атактуулар келип катышмакчы. Өзүнүн досторунан да Рустем Хайров, Андрей Золотов дегендер Орусиядан келе жатышат. Мурдагысына катышкандардын бир тобу улгайып, көбүнчөсүнүн көзү өтүп да кетти. Федерико Майор да келе албайт экен. Бирок алардын ар кандай ойлору бар. “Мындай кылалы” деп пикирин билдирип турушат. Ушулардын баарын эске алып, өкмөт да бир чечим чыгарат го. Бул форум ийгиликтүү өтсө, көпчүлүктү канааттандырат. Жыл сайын өтпөсө да 2-3 жылда бир уюштурулуп турса жакшы болмок.

— Дагы бир билдирүүдө: “Роза Исаковна, форумда өзүңүз да доклад жасайсызбы? Масштабдуу ой жүгүрткөн доклад дүйнө коомчулугуна керек да”,-деп жазыптыр.

— Бул форумда өзүм жасабайм. Иш-чаранын жыйынтыгын күтөлү. Ошондон кийин ойлорубузду айтабыз. Чыңгыз Төрөкуловичтин 90 жылдыгына карата мен ар кандай университеттерге барып жатам. Ошол жерлерде да доклад жасадым.

— Биринчи форумга келгендердин көбүнүн көзү өтүп кетти го. Алардын көзү тирүүлөрүнө чакыруу жиберилди бекен? Ошого кызыгып жатам”,-деген суроо келиптир.

— Берилди. Мен уюштуруучулардан сурагам. Федерико Майор өзү келе албай калды. Бирок ал видео кат жолдоптур. Форти деген менен мен ЮНЕСКОдо жанаша көп иштеп калдым. Ал киши да ошондой кат жөнөтүптүр. Мен тааныгандардан Ливанели эмнеге келбей жатканын билбейм. Ал жаш эле. Бир тобу бул дүйнөдөн өтүп кетти.

-Суроолордун көбү: “Бул форумга жаңычылдык киргизе алабызбы? Дүйнөдөгү согуш, элдин тынчтыгы өтө маанилүү болуп турат”,- деп кайрылыптыр.

— Мен ойлойм, биз чакан мамлекетпиз. Орусия же чоң мамлекеттер ушундай масштабдуу иш-чараларды өткөрүп, дүйнөлүк проблемаларды талкуулаганга аз эмес каражат керек. Бул иш-чараны өкмөт каржылап жатат. Аны уюштуруу, келген конокторду жайгаштыруу сыяктуу иштер аларды бир топ эле кыйнап жатат. Мурунку советтик өлкөлөрдүн баарынан жана чет өлкөдөн да келе жатышат. Мунун баары каржылык чыгымга дуушар кылат. Буларды да эске алышыбыз керек. Анан дагы бул форумду, маданиятты тартып кеткенге элдин энергиясы жетпейт жатат. Мен жыл сайын эле адабий кечелерди өткөрөм деп эле жүрөм да. Ыр кечелерди өткөрүп жатам. Билим фестивалын жыл сайын уюштуруп жатам. Азыр биздин руханий картабызды өзгөртүп жатат. Чет өлкөлүктөр да Бишкекте жашоо кызыктуу дейт. Анткени ар кандай иш-чаралар өтүп жатат. Биз шаарды өзүбүздүн идеялар менен, демилгелер менен өзгөртүшүбүз керек. Азыр мурункудай пахта терүү, темир чыгаруу эмес креативдик өндүрүш маанилүү. Бул дизайн, фестивалдар, жарнама жана негизинен пайда алып келе турган иш-чаралар. Дүйнө жүзү азыр ушуну менен жашап атат. Улуу Британияны алсак, ал жактын музыкасын дүйнө жүзү угат. Алар кирешени көбүрөөк ушундан алат. Мага да “Алматы канчалык кызыктуу шаар” деп көп айтышат. Көп иш-чаралар өтөт дейт. Биз да өткөрүп жатабыз. Адабий фестивалдар сөзсүз түрдө Айтматовго байланыштыра турган саамалыктар. Жыл ичинде кандай китеп чыкса, ошонун презентациясы болот, китептер тууралуу талкуулар өтөт. Ошол китептердин негизинде спектаклдар коюлат. Сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт. Бул комплекстүү иш. Индия, Пакистан, кайсы гана өлкөнү айтпайын, баарында бир жумалап өтөт. Мен да ушундай иш-чараларды өткөрүүдө каражат таппай калам.

— Меценаттар жок бекен?

-Абдан аз чыгат. Мына биз жайлоо бала бакчаларын уюштуруу үчүн жыл сайын чуркайбыз. Ошолор биздин келечегибиз. Ошолор Кыргызстанда калат, эч жакка кетпейт. Койчу болобу, окумуштуу болобу, алар биздин нукура элибиз. Бирок ушуларга каражат таппай кыйналабыз. Адабий фестивалдар биздин руханий дүйнөбүздү көтөрө турган нерсе болот эле.

Угарман: “Көптөн бери ушундай теманы күтүп жүрдүм эле. Жакшы алып чыктыңыздар. 1987-жылы аскерге чакырылып калып, 1500 аскердин арасында кызмат өтөгөм. Анда союздун убагы болчу. Автономиялуу өлкөдөн болгону 2 гана аскер элек. Кыргыз экенимди айтсам, эч ким билбей, ошол дагестандык тааныды. Каяктан тааныйсың? десем, Айтматовдун чыгармаларын окуган экен. Өзүм да орус мектепте окуп, бизге Айматовдун чыгармалын окуткан эмес да. Ошондо уялып кеттим. Армияда жүрүп анан “Гүлсаратты” окудум. Роза Исаковна, сиз эл аралап жүрөсүз. Бизге башка элдин жазуучуларынын чыгармаларын окутушчу. А Айтматовду да башка өлкөлөрдүн мектеп программасына киргизишкенби?

— Чет мамлекеттерде да бар. Алсак, биринчи эле Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда, мен ойлойм, Орто Азиянын баарында эле бар. Балким, мурунку советтик өлкөлөрдүн баарында эле болуш керек. Мен так айта албайм, балким, Польшада да окутулат чыгар. Маданияты сиңишкен өлкөлөрдүн баарында эле болсо керек. Мен муну такташым керек экен.

— Айтматов жөнүндө ойлоруңузду кагазга түшүрөйүн деген оюңуз барбы?-деген дагы суроо келиптир.

— Мен 2013-жылы Айтматов жөнүндө макала жаздым эле. Бирок андан тышкары да эскерүүлөр бар. Бир күнү отуруп жазышым керек.

— Дагы бир угарман: “Айтматовдун адам катары кандай экенин билүү кызык болуп жатат,-деп жазыптыр.

— Айтматов канчалык бир терең, жогору адам, жүрүш-турушу да абдан таасирдүү болчу. Элчи катары бизге келгенде баарыбыз жаш элек. Ал кишиде өзүн Кудайдай сезип, бой көтөрүү деген такыр жок болчу. Асмандагы эч ким жете албаган жылдыздай эле болчу. Элдин баары эле карап суктанган, олбурлуу, чоң киши болчу. Келбети да жарашкан, көпчүлүктүн арасынан да, учактын ичинен да дароо тааныйт элеңер. Ал киши сөз сүйлөп бүткөндөн кийин баары кол чаап эле калышчу. “Мен кыйраттым, жакшы сүйлөдүм” дегендей ою такыр жок эле. Биз коомдук адамдар да үйрөнсөк болот экен деген таризде “үлгүлүү” деп айтып жатам. Бул киши абдан үй-бүлөгө жакын, камкор эле. Кичинекей балдарын ушунчалык жакшы көргөн. Мария Урматовнаны деле дайым сурап, тегеренип эле турчу. Ич күйдүлүк деген такыр жок. Жазуучулардын киноматографтардын арасында жүрдү. Алар бири-бирин жамандап, интригалары көп болот эмеспи. Чыңгыз Төрөкулович ушуларды чечип берчү. Андан көбү уялып, тартынчу эле. Ал дайым жакшыга шыктандырып турчу. Анын масштабы ушундай экен, майда нерселерге көңүл да бурчу эмес. Адамдын оюнда жакшы нерсе болсо, ошону көкөлөткөнгө аракет кылчу. Бул сейрек сапаттар деп ойлойм. Сөз сүйлөөгө келгенде чебер болчу. Сөз менен эле баарын тындырып койчу. Элге жакын болуп, айылдан кол үзчү эмес. Айылдыктар алардын үйүн каптап эле турчу. “Бирөөсүн ооруканага жаткырыш керек, антиш керек, мынтиш керек” деп ошолордун маселелерин эле чечип жүрөр эле. Өзү бүтүрбөсө да, жубайы чечип турчу. Эсимде бар, ал туугандарынын бардык иштерин жайгарып койчу. Кыргызстан жөнүндө көп ойлонуп, кыргыздар үчүн көп иш жасачу. Маданий ишмерлер өзүнүн маселеси менен кайрылса, ошону Москвага чейин чалып, жөнгө салчу эле. Мен ойлойм, бардык жагынан карасаң да үлгүлүү адам эле.

— Маегиңизге рахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM