Марал Радиосу

Көл жээгинде өспүрүмдүн муунтуп өлтүрүлгөнү боюнча иш козголду

Чолпон-Атада көл жээгинде 9 жаштагы баланын денеси табылган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнен билдиришти.

Маалымат боюнча, соттук-медициналык экспертиза баланын муунтуп өлтүрүлгөнүн аныктаган. Бала картошка салына турчу сетка мүшөк менен муунтулган. Кылмыш иши “адам өлтүрүү” фактысы боюнча ачылды.

Эске салсак, 1-октябрда Чолпон-Атадагы пляжда 9 жаштагы баланын денеси табылган. Бала аутизм менен жабыркаганы айтылган.